• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Тиллаев: “Өкмөт уктабагылачы, оозуңарды ачып отурасыңар”

20 Кулжа 201911:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандагы Аксай-Ворух жолундагы кырдаал боюнча айтып, абал курч болуп турган мезгилде өкмөттү уктабаганга чакырды.

“Мындан эки күн мурда катталган Аксай-Ворух жолундагы окуя боюнча Өкмөт уктабагылачы! 20 метр асфальт төшөп биздин жерге кирип кеткиче оозуңарды ачып отурасыңар”,-деп айтты Т. Тиллаев.

Эске салсак, жыл башында эки мамлекеттин чек арасында жаңжал чыккан. Окуя Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.

Количество просмотров: 28