РФ Өкмөтүнүн чечимине ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан тартып Россияга чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө кирип-чыгууда биометрикалык маалыматтарын тапшыруу боюнча эксперимент башталат. Бул тууралуу КР ТИМ эскертти.
Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Биометрикалык маалыматтарга бетти санарип сүрөткө тартуу жана манжалардын папиллярдык издерин сканерлөө кирет.
Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарын эске алууну жана жогоруда аталган чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга алдын ала даяр болууга чакырат.