КР Тышкы иштер министрлиги Whatsapp-мессенджеринде тарап жаткан 25 миң өлчөмүндөгү жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгүн камтыган маалымат чындыкка дал келбестигин дагы бир жолу эскертет.
Ошондуктан жарандарга жеке маалыматтарды жана каттоо эсептерин шылуундардан коргоо максатында белгисиз шилтемелер аркылуу өтпөө сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сак болууну жана маалыматтарды расмий булактар аркылуу гана текшерүүнү суранат.