• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ: Америкада каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жеткирилет

7 Бештин айы 202419:57 Бишкек Govori.TV

ТИМ ЖМКлардагы «кыргызстандык жигит АКШда көз жумду. Үй-бүлөсүндө анын сөөгүн мекенине жеткирүүгө каражаты жок» деген аталыштагы маалыматка байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.  

КР Чикагодогу Башкы консулдугу каза болгон КР жаранынын үй-бүлөсүнө алгачкы күндөрдөн тартып зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.  

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү АКШнын Лос-Анжелес шаарынын ыйгарым укуктуу органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында сөөктү Кыргызстанга мүмкүн болушунча тез арада жеткирүү боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле маркумдун үй-бүлөсүнө керектүү документтер толтурулуп, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө каза болгон жарандарынын сөөктөрүн мекенине алып келүү чыгымдарын жабуу үчүн каралган бир жолку төлөмдүн тартиби жана суммасы тууралуу кеңеш берилди.  

Маркумдун туугандары жана жергиликтүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланыш туруктуу түрдө камсыз кылынууда.

Количество просмотров: 921