• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ Анкара шаарындагы болгон терактты кескин айыптайт

24 Тогуздун айы 202413:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 23-октябрында Анкара шаарындагы түркиялык “TUSAŞ” компаниясына болгон терактты кескин айыптайт.

«Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Кыргызстан боордош Түркияны терроризмге каршы күрөштө колдойт», — деп айтылат маалыматта.

Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды, 20дан ашык киши жараат алды. 

Количество просмотров: 166