• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ТИМ башчысы Кулубаев Сауд Аравиянын парламенттик делегациясын кабыл алды

24 Бугу 2022 15:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-майда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравиянын Межлис Аш-Шурасынын (Парламентинин) Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы жана ошол эле учурда Сауд Аравия-Кыргызстан парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири башында турган Сауд Аравиянын парламенттик делегациясын кабыл алды.

ТИМден билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелерин өнүктүрүү маселелерин жана парламенттер аралык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүүгө жана туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошо турган түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Министр Кулубаев парламенттер аралык түз байланыштар жана өз ара иш сапарлар бир тууган эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташтыгын бекемдөөгө гана өбөлгө түзбөстөн, эки өлкөнүн бир тууган элдеринин ортосундагы достук көпүрөсү боло аларын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнү кызыктырган бардык багыттар боюнча кыргыз-сауд байланыштарын бекемдөөгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Жолугушууга ошондой эле САПдын Межлис Аш-Шурасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү жана САПдын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради катышты.

Количество просмотров: 69