КР Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тартып пилоттук долбоордун алкагында “Бирдиктүү уруксат” ачылып жатканын маалымдайт. “Бирдиктүү уруксат” мурунку иштөөгө уруксатты жана эмгектик визаны камтып, “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча таризделет.
Ошентип, 2025-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлүк кызматкер же анын жумуш берүүчүсү чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квотаны жана эмгектик визага бөлөк тапшырбай, дароо эле “Электрондук виза» (www.evisa.e-gov.kg) порталы аркылуу “Бирдиктүү уруксатты” алууга кайрыла алышат.
Бирдиктүү уруксат берүүчү документти карап чыгуу мөөнөтү да 7 иш күнгө чейин кыскартылды.
Министрлик пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квоталарды бөлүштүрүү маселесин комиссиялык карап чыгуу жолу жоюларын белгилейт. Демек, иш берүүчүлөр чет өлкөлүк кызматкерге “Бирдиктүү уруксатты” алууга түз кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Учурдагы иштөөгө уруксатты жана эмгек визасын тариздөө жол-жобосунун өзгөрүшүн эске алуу менен, “Бирдиктүү уруксат” үчүн төлөм өзүнө эмгек визасынын жана бир жылдык иштөөгө уруксаттын наркынын бирдиктүү суммасын камтыган өтүнмө менен кайрылууда алынат.
Мындан тышкары, чакыруучу тараптын жоопкерчилигин күчөтүү жана чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында иш берүүчү жак кайтарылбай турган кепилдик төгүмдү төлөөгө тийиш.
Министрлик жогоруда көрсөтүлгөн чаралар өлкөнүн миграциялык процесстерин тартипке келтирүүгө жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин реформалоого багытталып, КР Президенти С.Н.Жапаровдун 2024-жылдагы «Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашырылып жаткандыгына көңүл бурат.
Толугураак маалымат алуу үчүн Тоголок Молдо 10 дареги боюнча Консулдук департаментке, төмөнкү номерлер аркылуу +996 703 42 88 65 (WhatsApp), 0 312 66 30 70, ошондой эле @visacenterkg Инстаграм баракчасына кайрылсаңыздар болот.