• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

ТИМ: Бишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча түзүп берүүгө даяр

5 Жалган куран 2022 19:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча түзүп берүүгө жана тынчтык орнотуу үчүн зарыл чараларды уюштурууга даяр. Бул тууралуу 5-мартта Москвада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Орусия дагы, Украина дагы жаңжалдын курмандыгы болуп жатканын белгилеген министр тараптарды тынчтык орнотууга чакырды. Буга чейин Беларустун аймагында эки тараптын сүйлөшүүлөрү башталганын Бишкек кубаттай турганын айтты.

Казакбаев орус тараптын чакыруусу менен 5-мартта Орусияга барды. Расмий кабарга ылайык, жолугушуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Казакбаев орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, жыйынтыгында Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2022-2024-жылдардагы кызматташтык программасына кол коюлду.

Количество просмотров: 170