• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ТИМ: Бишкекте ЕБ-БА Биринчи экономикалык форум өтөт

17 Бирдин айы 2020 9:02 Бишкек Govori.TV

56-Мюнхен коопсуздук конференциясынын ишине катышуунун алкагында министр Ч.Айдарбеков Испаниянын, Лихтенштейндин, Польшанын жана Норвегиянын ТИМ башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 

Министр аталган өлкөлөрдүн делегацияларын ушул жылы жайында Бишкекте өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды жана аларга форум тууралуу маалымат берди. 

Тараптар ошондой эле эки тараптуу мамилелердин күн тартибинин кээ бир аспекттерин карап чыгышты. Атап айтканда, Испаниянын ТИМ башчысы менен Ч.Айдарбеков Бишкекте же башка туура келе тургандай жол менен визалык борбор ачуу аркылуу Испанияга жөнөп жаткан КР жарандарына шенген визасын берүү боюнча маселелерди талкуулады.       

Польша тарабы менен эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөө маселелери каралды. Бардык маселелерди кыйла деталдуу талкуулоо үчүн Испания жана Польша тараптары Ч.Айдарбековду Мадридге жана Варшавага келип кетүүгө чакырды.

Количество просмотров: 76