• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ТИМ: Чет жерден 9000ден ашуун кыргызстандык алынып келинди

12 Бугу 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери 23 өлкөдөн 9196 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, алардын баардыгы жерде жүрүүчү транспорт жана аба каттамдары аркылуу мекенине кайтарылган.

“Акыркы 12 күндө эле 995 мекендешибизди кайтарып келдик. Буга кол кабыш кылгандыгы үчүн Россия, Казакстан, Түркия сыяктуу өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдиребиз”, — деди Айдарбеков.

Эске салсак, буга чейин акыркылардан болуп 10-майда Бишкекке Бириккен Араб Эмирлигинен 177 кыргызстандык учуп келген.

Количество просмотров: 75