• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

ТИМ Дамасктагы ракеталык чабуул боюнча тынчсыздануусун билдирди

3 Чын куран 202411:19 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан Иран Ислам Республикасынын Консулдук мекемесине жасалган ракеталык чабуулдардан улам адам курмандыктарына алып келген окуяга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.

«Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат»,- деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 115