Египетте жол кырсыгына кабылган туристтик автобуста Кыргызстандын жарандары болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
ТИМ Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын Египеттеги элчилиги тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам текшерүүнүн жыйынтыгында автобустун жүргүнчүлөрүнүн жана жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар экендиги тууралуу маалымат тастыкталган жок деп белгиледи.
Эскерте кетсек, 14-августта Абу-Зеним аймагында чет элдик жарандарды ташып бараткан автобус кырсыкка учураган. РИА Новостинин билдиришинче, кырсыктын кесепетинен Россия, Украина жана Кыргызстандын туристтери жабыркаган.
«44 адам болгон туристтик автобус трассада оодарылып кеткен… Окуянын кесепетинен россиялык турист каза болуп, 42 адам жабыркаган, алардын ичинен 39у чет элдик жарандар — Россия, Украина жана Кыргызстандын жарандары», — деп басылма Түштүк Синай администрациясынын маалыматын келтирген.