• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ТИМ Европарламент кабыл алган резолюция боюнча өкүнүчүн билдирди

14 Теке 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламент 13-июлда кабыл алган резолюцияга өкүнүчүн билдирди. Бул тууралуу ТИМ тараткан билдирүүдө айтылат.

Европарламенттин депутаттары көпчүлүк добуш менен Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басымды айыптаган резолюцияны жактырган. Тышкы иштер министрлиги муну күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган чечим деп атады.

КР ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

«Бул резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабагандыгы өкүндүрөт.

Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген үстүртөн резолюция өлкөгө жана улуттук каада-салттар менен негиздерди эске алуу менен демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кысым көрсөтүү катары каралат. Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, “Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алышкан эмес. Резолюциянын башка бир катар пункттары да таң калтырат, алар объективдүү баа берүүнү жана аларды улуттук мыйзамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бийлик бутактарынын көз карандысыздыгын караштырган мыйзамдарга ылайык чечүү жолдорун чагылдырган эмес.

Кыргыз Республикасы Европа Бирлиги менен кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин өзгөчө баалайт. Биз мындан ары да бул позитивдүү динамиканы сактап калуу жана өнөктөштүн пикирин эске албаган мындай бир жактуу чечимдерге карабастан, кызматташтыкка зыян келтирүүчү жана терс таасирин тийгизүүчү бул сыяктуу практикадан алыс болууга чара көрүүнү улантууга ниеттүүбүз.

Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосунда туруктуу кызматташуу механизмдери, анын ичинде парламенттер аралык комитеттер жана адам укуктары боюнча диалог түзүлгөн. Бул жолугушуулар үзгүлтүксүз жана ачык-айкын өткөрүлөт.

Жакын арада Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин делегациясынын Кыргызстанга иш сапары, ошондой эле Парламенттер аралык кызматташтык комитетинин кезектеги отуруму пландаштырылган, анын алкагында биз бул суроолорго, анын ичинде жек көрүү тили, жалган маалымат жана согушту пропагандалоо менен күрөшүү, контентти көзөмөлдөө ж.б. боюнча Европа Бирлигинин алдыңкы тажрыйбалары боюнча жооп алабыз деп күтөбүз.

Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда».

Количество просмотров: 66