• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

ТИМ: Индияда жер көчкүдөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

31 Теке 202416:16 Бишкек Govori.TV

Индиянын Керала штатында 143 адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн улам, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Белгиленгендей, Кыргызстандын Индиядагы элчилиги аталган өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта.

Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Индияда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +91 9810304863,+91 9599921779.

Количество просмотров: 147