• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

ТИМ Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна кооптонуусун билдирет

15 Чын куран 20249:34 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет жана тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат.

«Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат», — деп айтылат КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан расмий билдирүүсүндө.

Теги:
Количество просмотров: 84