• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ: Испанияда суу ташкынынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

31 Тогуздун айы 20249:39 Бишкек Govori.TV

Испаниядагы суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн кыргыз жарандары менен байланышта.

Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт: +33 6 15 11 76 99+33 1 71 60 37 04.

Эске салсак. Испанияда селдин айынан, соңку маалымат боюнча, өлкөнүн түштүгүндөгү Валенсия аймагында кеминде 62 адамдын өмүрү кыйылды. Шейшемби күнү бул аймакта нөшөр жаан жаап, катуу шамал болгон.

Количество просмотров: 85