• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстанда 5 кыргыз жараны кармалып турганы айтылды

10 Үчтүн айы 202213:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Казакстандын компетенттүү органдары Кыргызстандын беш жаранын кармаганы боюнча маалыматы бар. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

5 жаран боюнча маалымат 9-январга карата алынган. Бул маселе боюнча казак тарап менен тийиштүү иш жүргүзүлүп жатат.

«Министрлик мекенине кайткысы келген кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү боюнча ишин улантып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

ТИМ зарыл болгон учурда кыргызстандыктар Алматыдагы башкы консулдукка төмөнкү номерлер боюнча кайрылса болорун эскертти.

+7 (777) 815-00-72, Кайрат Жакыпов;

+7 (777) 037-14-48, Гүлзат Абдурасулова;

+7 (777) 027-55-96, Жаркынай Сансызбаева;

+7 (775) 463-42-95, Медер Сапаралиев.

ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:+996 (551) 31-20-00 — тынымсыз байланыш;

+996 (555) 00-76-26;+996 (708) 52-21-37;+996 (707) 98-98-95;+996 (709) 98-34-65.

Нур-Султан шаарындагы элчилик:+7 (776) 124-88-33;+7 (777) 473-30-09.

Теги:
Количество просмотров: 178