• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ТИМ Казакстанда кыргызстандык жарандын кармалышы боюнча үн катты

9 Үчтүн айы 2022 15:36 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы башаламандыкка катышкан делген Кыргызстандын жаранынын кармалышы тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан видео боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

КР ТИМдин маалыматына ылайык, учурда министрлик Казакстандын компетенттүү органдары менен биргеликте бул жарандын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

Белгилей кетсек, жергиликтүү казак телеканалдарынын бири Казакстандагы башаламандыкка катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келген адам кармалгандыгы тууралуу материал көрсөткөн. Кармалган жарандын айтымында, аны батирге алып барышкан, ал жакта Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары да болгон. Эртеси мекенине кайтаарда полиция кармап кеткен.

Теги:
Количество просмотров: 70