• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ТИМ: «Крокус Сити Холлдо» 2 кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

23 Жалган куран 2024 11:32 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен бирге Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандар арасындагы кыргыз жарандары жөнүндө тактоо иштерин улантып жатканын билдирди.

“Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жабыр тарткандардын алдын ала тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын эки жараны жөнүндө маалымат такталган жок. Министрлик жана элчилик окуяга көз салууну улантат”, — деп айтылат билдирүүдө.

22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. ФСБ алдын ала маалымат боюнча, 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди.

Количество просмотров: 153