• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ТИМ кыргыз жарандарына Судан өлкөсүнө барбай турууну сунуштады

22 Чын куран 2023 15:41 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Судан Республикасында армия менен тез аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы курчуп жаткан куралдуу кагылышууга байланыштуу аталган өлкөгө барбай турууну сунуштады.

Министрлик аталган өлкөдөгү мекендештерге аэропорт, аскер базалары жана өкмөт уюмдары жайгашкан райондордон алыс болууну эскертти.

«Кыргызстандын Сауд Арабия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын жети жараны жүрөт. Алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик өлкөдө жүргөн башка кыргызстандыктардын бар-жогун аныктап жатат, маселе ТИМдин көзөмөлүндө.

Суданда армия менен тез аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышуу 15-апрелде башталган. Өлкөдө бир жумада 600дөн ашуун адам каза болгонун жергиликтүү ЖКМлар жазды.

Количество просмотров: 50