• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ТИМ кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайы

2 Чын куран 2021 17:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылган бейтап каза болду. Маркум Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров экени айтылды. Ленин райондук милициясынын маалыматы боюнча, Шакиров ооруканага дарыларын көтөрүп барып асма ийне жана укол алгандан кийин көз жумган.

Бул арада Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова Шакиров Covid-19 илдетине каршы вакцина алганын маркумдун жакындарына таянуу менен билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер бул фактыны эске алып, эмдөөдөн өтө турган жарандарды кылдат текшерүүдөн өткөрүшү керек.

Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин айтып, окуя боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатканын кабарлады.

Медицина боюнча эксперт Айбар Султангазиев вакцина маселесине байланыштуу такталбаган маалыматтар бүгүнкү күндө элдин үрөйүн учуруп жатканын айтып, эмдөө боюнча элге түшүндүрүү иштери дыкат жүрүшү керектигин белгиледи.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта Кытай берген SinoPharm вакцинасы менен баштаган. Планга ылайык биринчи этапта медкызматкерлер, күч кызматкерлери, мугалимдер жана соцкызматкерлер эмделет. Дипломатиялык мекеме өкүлдөрү бул тайпага кирбейт. Бүгүнкү күнгө дейра 400дөн ашуун жаран эмдөөдөн өткөнү менен кооптонгондор дагы жок эмес.

Количество просмотров: 417