• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна күнүнө 750гө чейин бала келет

13 Бештин айы 2023 12:56 Бишкек Govori.TV

13-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кыска мөөнөттүү тез медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн иши менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, анда министр бейтаптардын ата-энелери менен маектешип, борбордун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов күз-кыш мезгилинин башталышы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит, пневмония менен ооругандардын саны көбөйүп, күндүз жана кечинде жана түнкүсүн бейтаптардын агымы да көбөйгөнүн билдирди.

«Борборго күнүнө 600-750гө чейин бала келет. Буга байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кошумча орундаруюштурулуп, курч респиратордук оорулар (КРВИ) менен ооруган балдар үчүн 28дин ордуна 90 керебет болду. Белгилей кетүүчү нерсе, бизде курч респиратордук оорулардан тышкары онкологиялык, гематологиялык, кардиологиялык, гастроэнтерологиялык, хирургиялык жана башка оорулар менен жабыркаган балдар дарыланышат», — деди ал.

Дарыгердин кабыл алуусун күтүү убактысын кыскартуу, кабыл алуу бөлүмүндө кезек күтүүнү азайтуу максатында кошумча 11 дарыгерлик ставка бөлүнүп, бөлүмдүн дарыгерлери, клиникалык ординаторлор жардамга тартылды, лор дарыгери, хирургдар, травматологдор, реаниматологдор, анестезиологдор, педиатрлар жана башкалар өзүнчө нөөмөттө турушат.

Белгиленгендей, бул иш-чаралар балдарга сапаттуу, өз убагында медициналык жардам көрсөтүү жана дарыгерлерге кайрылуу кезегин кыскартууга багытталган.

Количество просмотров: 101