• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ТИМ: Москвада массалык мушташка катышкандардын арасында кыргызстандыктар жок

15 Чын куран 202417:18 Бишкек Govori.TV

Москвада массалык мушташка катышкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине таянып билдирди.

Орусиялык басылмалар 14-апрелде Москвадагы «Метроном» курулуш комплексинде иштеген мигранттар массалык мушташка катышканын жазып чыгышкан.

Милицияга 20га жакын адам жеткирилип, жаңжалдын катышуучулары миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча текшерилип жатканы кошумчаланган.

Количество просмотров: 106