2024-жылдын 5-декабрында КР Россия Федерациясындагы элчилигинин кызматкерлеринин, КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына (Сахарово) кезектеги биргелешкен кызматтык чыгуу жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө аталган мекеменин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган борборго жайгаштырылган КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын өз мекенине өз убагында чыгып кетүү жана мындан аркы өз ара, ыкчам аракеттенүү жана кызматташуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле кызматкерлер аталган мекемеде Кыргызстанга чыгарууну күтүп жаткан КР жарандары менен жолугушуп, жарандарды кызыктырган маселелер боюнча юридикалык кеп-кеңештер берилген. Ошол эле учурда жарандардан кармоо шарттары жана укуктарынын бузулушу боюнча даттануулар түшкөн эмес.
Маалымат үчүн: Иш сапар учурунда Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкы башкармалыгынын чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайында (Сахарово), жалпысынан Кыргыз Республикасынын 93 жараны болгон, анын ичинен 6 аялдар.