• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ТИМ: Париждеги жарылуудан улам каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

22 Кулжа 2023 15:25 Бишкек Govori.TV

Франциянын Париж шаарындагы жарылуудан улам каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июнда Париждин 5-округундагы Сен-Жак көчөсүндө жардыруу болуп, анын кесепетинен имараттардын биринин фасады кулап, өрт чыккан. Өрт коңшу имараттарга да өткөн.

Кыргызстандын Франциядагы элчигинин алдын ала маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Белгилей кетсек, бүгүн массалык маалымат каражаттарында “Париждеги жардыруудан каза болгондордун саны 37 адамга жетти” деген маалымат тараган.

Азыркы учурда жогорудагы айтылган маселе КР Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.

Количество просмотров: 80