Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган «Кыргыз жана тажик мигранттары Сахалинден чыгарылды» деген маалыматка байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.
Орусиянын компетенттүү органдарынан алынган маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Южно-Сахалин шаардык сотунун чечиминин негизинде миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын 11 жараны Россия Федерациясынын аймагынан чыгарылган. Бул жарандарга 2000 рубль өлчөмүндө административдик айып салынып, 5 жылдык мөөнөткө Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
Министрлик Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жарандарды келген өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын сактоого жана керектүү документтерди өз убагында тариздөөгө дагы бир ирет чакырат.