• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ТИМ Сергиев Посад шаарындагы жарылуу боюнча билдирүү таратты

9 Баш оона 2023 17:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-августта Россиянын Сергиев Посад шаарындагы оптикалык өнөр жай ишканасында болгон жарылууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык оптикалык өнөр жай ишканасында болгон.

«Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынан алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Учурда жардыруу болгон жерде ыкчам кызматтар өрттү өчүрүүдө. Министрлик кырдаалга байкоо жүргүзүүнү улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, россиялык басылмалардын маалыматына караганда, бүгүн эртең менен Загорск оптикалык-механикалык заводунун аймагындагы жеке компания ижарага алган пиротехникалык кампада жарылуу болгон.

Жабыркагандардын саны 45ке жеткенин Сергиев Посад шаардык округунун администрациясынын Telegram каналы билдирди.

Количество просмотров: 102