• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

10 Бештин айы 20249:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы абалга көз салып жатканын билдирип, кыргызстандыктарды кырдаал турукташканга чейин бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Жекшембиде Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан.

Кошумчалай кетсек, Сирияда канча кыргыз жараны жүргөнү тууралуу так маалымат жок.

Ал эми Сириянын президенти Башар Асад Орусияга чыгып кетип, Кремль ага саясий башкалка берди.

Количество просмотров: 121