Эске салсак, каргашалуу кырсык 7-мартта болгон. Мында мейманкананын 5-кабатынан чыккан өрттөн жалпысынан 4 адам жабыркап, алардын бири кыргызстандык Мээрим Ж. аттуу 23 жаштагы кыз болгон. Ал өрттөнүп жаткан бөлмөнүн балконунан жанаша турган имаратка өтмөкчү болгондо кулап, унаанын үстүнө түшүп омурткасы сынган.
Учурда омурткасы сынган бул кызга жергиликтүү ооруканада операция жасалганы, абалы оор бойдон экендиги айтылууда.