Бүгүн, 10-февраль саат 12:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн кыргыз келин каза болду деген маалымат боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
«Учурда мекендештин жашаган жеринде куткаруу иштери жүрүүдө. Азырынча аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Окуя болгон жерде Анталиядагы Башкы консулдуктун жетекчиси жана кызматкерлери иштөөдө. Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынан такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин айрым ЖМКлар Түркияда 37 жаштагы кыргыз келин каза болгонун жазышкан болчу.