• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ТИМ: Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан ката кетирди

12 Бирдин айы 2018 17:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.02.2018. Govori.TV.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султандын билдирүүсүнө байланышкан маселени карайт. Мекеменин маалымат департаментинин жетекчиси Муратбек Азымбакиевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, Кылычбек Султан өз билдирүүсү менен “ката кетирип койду”.
Азымбакиев элчи жарыялаган катта айтылган адамдар мамлекеттик кызматкерлер болгондуктан элчилик аларга көмөк көрсөтүшү зарыл экенин билдирди:
«Алар Түштүк Кореяга расмий иш-чарага бараткан аскер адамдары болчу. Аны биздин департаменттин директору «Кыргызстандан ушундай адамдар баратат, колдон келсе, көмөк көрсөткүлө» деп кат жазган. Ал ката кетирип койду. Элчи болуп иштеп жаткандан кийин биздин мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга толугу менен баш иет. Анда мамлекеттик кызматкер эмнени жасай алаары, эмнени жасай албай тургандыгы жазылган. Эмне үчүн ал биздин департаменттин директору кол койгон ички документти ачыкка чыгарат?»,- деп билдирет ТИМ.
Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын айтып чыкты. Кылычбек Султан «Азаттыктын» бир нече суроолоруна жооп берди.
— Кылычбек мырза, сиздин билдирүүңүзгө эмне себеп болду?
— Мындай нерселер болуп эле турат, оозеки түрүндө, өтүнүч катары айтышат. Ошондо бул биздин милдетибиз эмес экенин түшүндүрүп, аларды жасаганга шартыбыз жана убактыбыз туура келбей турганын айтып коёбуз. Бирок бул жолу мени таң калтырганы — кагаз тапшырма, буйрук катары келди. Бул бир жагынан таң калычтуу, экинчи жагынан кенебестик болду. Мен бул нерсени коомчулукка ачык айтып чыгууну туура көрдүм.

— Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү “Кыргыз мамлекетинин элчиликтери жана консулдуктары бардык Кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүгө багытталган, андыктан муктаж жарандарды тосуп алышы да керек” деп жооп кайтарды. Аэропорт шаардан алыспы? Кызматкерлердин саны жетишпейби же каражатыңар жокпу?
​- Келгендерди тосуп алуу элчиликтин милдети эмес. Эгерде муну элчиликтин милдети катары карай турган болсок бул жакта биздин беш миңге жакын жараныбыз жашайт. Анда баарына тең караш керек да. Экинчиден, тапшырмалар да жүйөлүү болуш керек. Эгерде адам майып же дагы кандайдыр бир олуттуу себептери болсо тосуп алыш керек. Ошондой эле расмий делегация келсе, биз алардын ишин көзөмөлдөп турушубуз керек болсо, биз муну өз милдетибиз катары кабыл алабыз. Бул жерде сөз болуп жаткан адам окууга келе жаткан экен, ошону тосуп алыш керек дегенди мен мыйзамсыздык деп эсептейм. Эгерде буйрук берген адам муну мыйзамдуу деп эсептесе, чара көрүүгө укугу бар, сотко же жетекчиликке кайрылсын. Мен буга даярмын.
— Сиз ушул маселелерге көңүл бурууну өтүнүп, тышкы иштер министрине, премьер-министрге кайрылдыңыз. Кандай жооп күтүп жатасыз?
— Биринчиден, тартипке чакырыш керек деп ойлойм. Экинчиден, бул көрүнүшкө чекит коюш керек. Мен мындай нерсеге жол бербейм. Жакында эле депутаттар да «элчиликтер инвестиция тарткандын ордуна конок тосуп алып, аны узатып, туристтик агенттиктин функциясын аткарып калышты» деп айтып чыгышкан. Убакыт — бул чоң ресурс, ошону эркелеген чиновниктерди алып жүрүүгө эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуш керек. Муну дипломаттар ачык айтышыбыз керек.

Булак: Азаттык 

Количество просмотров: 36