• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТИМ тажик элчисине нота тапшырды

26 Чын куран 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-апрелде Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Тышкы иштер министрлиги тарабынан Тажикстандын элчисине Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандын компетенттүү органдарынын Кыргызстандын 2 жаранын уурдоого байланыштуу укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кыргыз тараптын тынчсыздануусу жөнүндө нота берилди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нуран Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин белгиледи. Кыргыз тарабы болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тажик тарапты чакырды.

Ниязалиев учурдагы бардык көйгөйлөр ынак коңшулук нугунда диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектигин баса белгиледи.

Ниязалиев кыргыз тарап, мурдагыдай эле, тажик тарап менен биргеликте, чек ара аймактарында Кыргызстан жана Тажикстан боордош элдеринин көп жылдык руханий жана маданий мамилелеринин тарыхына негизделген ынак коңшулукту, туруктуулукту жана достукту камсыздоого багытталган шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.

Эске салсак, 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймактагы Эски Оочу айылынын эки тургуну үй салып жаткан жерде түнөшкөн эки жаран дайынсыз жоголгон. Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялап, бийликтен жардам сураган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Лейлек районунун Бешкент айылында изделип жаткан эки жаран Тажикстандан табылып, Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 106