• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ: Учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга кенемте төлөнөт

30 Бештин айы 20249:51 Бишкек Govori.TV

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учакта аман калган кыргызстандык үч жаранга кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 29-декабрда маалымдады.

Ага ылайык, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кенемте төлөө маселесинин үстүндө иштеди, жакынкы арада анын суммасы анык болот жана жабыркагандарга берилет.

Элчилик ошондой эле кыйраган учак таандык болгон «Азербайжан аба жолдору» компаниясынын өкүлдөрү менен да байланышып, компания тарабынан камсыздандыруучу кенемтени төлөө маселесин талкуулап жактаны кабарланды.

Количество просмотров: 387