• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТИМ Закир Юбуровдун кармалышы боюнча Казакстан элчилигине дагы нота жөнөттү

10 Үчтүн айы 2022 18:12 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык Закир Юбуровдун кармалышы боюнча Казакстандын элчилигине нота жөнөттү.

ТИМден билдиришкендей, Закир Юбуров жана Кыргызстандын башка жарандарынын кармалышы боюнча учурда консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

«Казакстан тарапка аталган жарандарды кармоо фактысы жана текшерүү иш-чараларынан кийин мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча министрликтин нотасы жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана “Джаз_Бишкек_Весна” фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Андан соң Казакстандын ЖМКлары республиканын күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен кыргызстандык музыкант – Викрам Рузахунов тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын, видеодо кармалган адамдын аты-жөнү Закир Убуров экенин, ал 1990-жылы туулгандыгын жазып чыгышкан.

Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган адамдын агасы Тахир видеодогу адам Закир экендиги тууралуу маалыматтын чындыкка дал келбестигин билдирген.

Теги:
Количество просмотров: 1181