• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ: Жапониядагы жер титирөөдө кыргызстандыктар жабыркаган жок

3 Үчтүн айы 202411:00 Бишкек Govori.TV

Жапонияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогуна жакын Тояма шаарында жүргөн кыргызстандык беш жаран баш калкалоочу жайларга эвакуацияланган.

Учурда ТИМ жана Жапониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Кыргызстандын ал жакта жашап жаткан жарандары менен байланышып турарын маалымдап, зарылчылык болгон учурда элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылууга чакырды.

Теги:
Количество просмотров: 156