• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакиров эмнеден улам каза болгону айтылды

14 апреля 2021 в 17:41 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департамент кызматынын директору Бахтияр Шакиров вакцинадан эмес, анафилактикалык шоктон улам каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Парламентаризм сабактары” программасына интервью берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлүмдүн себеби соттук медициналык экспертиза менен далилденди. “Трагедиядан кийин кимдир бирөө ал коронавируска каршы вакцина алгандан кийин каза болду деп жазган. Ушуга байланыштуу эмдөөнү бир нече күнгө токтотууга туура келди, анткени элдер корко баштаган. Иликтөө жүргүзүлүп, ТИМдин кызматкери балдар ооруканасында антибиотик алуу учурунда анафилактикалык шоктон улам каза болгону аныкталды. Балдар ооруканасында чоң кишиге асма укол саюу чоң катачылык болгон. Экинчиден, антибиотик алардан мурун анализ кылыш керек. Азыркы учурда иликтөө уланууда, ушул убакыт аралыгында Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору, башкы дарыгер, ЛОР бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу иштеп четтетилди”,-деди министр.

Эскерте кетсек, 1-апрелде балдар ооруканасында ТИМдин Консулдук департамент кызматынын директору 40 жаш курагында каза болгон. Анын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Количество просмотров: 6176