• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тимур Файзиевге издөө жарыяланды

28 Бугу 2021 13:39 Бишкек Govori.TV

Аскер прокуратурасынын Тергөө тобу ишкер Тимур Файзиевди издөөгө алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, ишкер 27-майдан тарта издөөдө. Ал Бишкек шаарынын аймагында жер тилкесин алуудагы коррупцияга аралашкан жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деп шектелип жатат. Тергөө уланууда.

Эске салсак, кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту «Elite House» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Т.Файзиевге карата камакка алуу боюнча сыртынан чечим кабыл алган.

Количество просмотров: 174