• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өткүн өтүп, жаан жаайт. 18-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

17 Бугу 2019 17:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

18-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 градус жылуу болот.

18-майда Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.

Абанын температурасы: түнкүсүн 9…11°, күндүз 23…25° жылыйт.


Количество просмотров: 15