• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр кирди

13 Жалган куран 2024 14:22 Бишкек Govori.TV

“Сосновка” посттунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кар жаап, аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, Чүй облусунун “Сосновка” посттунда жана Талас облусунун өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Чектөө качан алынаарын кошумча маалымат беребиз.

Андыктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыккан айдоочулардан жолго чыгаарда алдын ала мерчемдеп, аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, баардык коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Количество просмотров: 70