• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тоңдо менчикке өтүп кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

1 Чын куран 2022 16:54 Бишкек Govori.TV

Тоң районунда менчикке өтүп кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2005-жылы аталган районго караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Дөң-Талаа айылындагы бала бакчанын имараты короо жайы менен бирге ошол эле айылдын тургуну К.С. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.

«Аталган социалдык мекемени мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 3 млн 670 миң сомдук бала бакчынын имараты, короо жайы менен бирге мамлекетке кайтарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 174