• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Тоңдогу Зындан көлү элди экинчи ирет дүрбөлөңгө салды

21 Баш оона 202423:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында тоонун арасында жайгашкан 3 миңден ашык көл бар. Анын үч жүз отузу коркунучтуу деп эсептелет. Эң кооптуулугу чоң деген көлдөргө 15-20 көл кирет.

Климаттын өзгөрүшү, мөңгүнүн ээриши, жамгырдын көп жаашы тоо көлдөрүн пайда кылат. Мезгилдин өтүшү менен тоо көлдөрү да тереңдеп же көлөмү чоңоёт. Ошондуктан тоо көлдөрү толгондо ашып кетүү же жарылып кетүү коркунучу жаралат.

Адистер климаттын өзгөрүшүнөн улам соңку мезгилде мөңгүлөр тездик менен ээрип жатканын, мындан улам мөңгүлөрдүн астындагы бийик тоолуу көлдөр ташып, анын кесепетинен сел көп жүрүп жатканын айтышууда.

Ошондой жагдайды алдын алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак менен кооптуу делген көлдөргө изилдөө жүргүзүп турат. Көл ашып жатса, сифон суу түтүгүн орнотуп, ашып кетүү коркунуч алдын алышат. Эгер чындап эле жарыла турган абалга жетип калганын байкашса, жергиликтүү бийликке жана көлгө жакыныраак жерге отурукташкан чабандарга маалымат беришет. Жергиликтүү бийликтегилер элди эвакуацияласа, малчылар малын алып, коопсуз жакка көчүшөт.

Табигый ресурстар министрлигинин инженердик-геологиялык тобу Чех Республикасынын адистеринин жардамы менен өзүнчө метеостанция курган, ал жерде дайыма адистер нөөмөт менен иштеп, тоо көлдөрүнө байкоо жүргүзүп турушат.

Кыскасы, толуп, ташыйын деп турган көлдү азайтуунун да машакаты көп. Себеби, тоо көлдөрү бийикте жайгашкан үчүн ал жакка жетүүнүн өзү да маселе жаратат. Толуп, ташыйын деп турган көлдү азайтуу үчүн жол салуу зарылчылыгы жаралса, жол салуу чоң чыгымды талап кылат.

Тоңдо жырылды делген Зындан көлү 2008-жылы да бузулуп, үч адамдын өмүрүн алган экен. 2024-жылдын 21-августунда дагы Зындан көлү жырылып, Тоң дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп, суу ташкындоо коркунучу жаралган. Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылды. Учурда куткаруучулар мүмкүн болгон кыйраткыч кесепеттерди алдын алуу үчүн дарыянын нугун алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 216