• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тоң районуна жаңы аким дайындалды

2 Жетинин айы 2020 16:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2- ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаев Тоң районунун активине жаңы дайындалган Тоң районунун башчысы-аким Айбек Тилебалдиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Тоң районунун жаңы дайындалган аким Айбек Тилебалдиев тууралуу маалымат:

Тилебалдиев Айбек Курманакунович 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Тон районуна караштуу Төрт-Күл айылында туулган.
2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин аяктап математик кесибине ээ болгон.
Эмгек жолун Тон районунун Төрт-Күл айылындагы “Жаныбек” дыйкан чарбасынын мүчөсү болуп баштаган.
2001-2004-жылдары Тон районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүндө экономист-статист болуп иштеген.
2004-2010-жылдары №33 жол чарба мекемесиндне слесарь- механик, айдоочу болуп эмгектенген.
2010-2013-жылдары Тон районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүндө башкы адис.
2013-2017-жылдары Тон районуна караштуу Төрт-Күл айылындагы “Жаныбек” дыйкан чарбасынын башчысы.
2017-2018-жылдары Тон районунун Төрт-Күл айылындагы Карды-Жарык суу чарба ассоциациясынын директору.

Количество просмотров: 578