• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тоң районунда бала бакча мамлекеттик менчикке кайтарылды

18 Жалган куран 2022 10:12 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Ысык-Көл областынын Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы аталган районго караштуу Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн токтому менен “Х.” коомдук уюмуна бала бакчанын имараты, короо жайы менен мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, арыз соттор тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 20 млн 46 миң сомдук бала бакчынын имараты, короо жайы менен мамлекетке кайтарылды.

Количество просмотров: 154