• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

21 Баш оона 202418:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Байтик баатыр жана И. Ахунбаев көчөлөрүндө жол тилкеси мөөнөтүнөн эрте сапатын жоготкон айрым тилкелер аныкталган. Бул тууралуу тиешелүү актылар түзүлүп, жол салган ишканаларга билдирүүлөр жиберилген.

Андан тышкары Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жер астындагы суу түтүгү жарылган учур аныкталды.

Буга байланыштуу аталган тилкеде 22-24-август күндөрү аралыгында аныкталган кемчиликти жоюу жумуштары жүргүзүлөт. Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Количество просмотров: 72