• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тогуз колледж, он кесиптик лицей оңдоодон кийин ачылды

5 Аяк оона 202421:10 Бишкек Govori.TV

5-сентябрда Бишкек шаарында жана өлкөнүн аймактарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 9 колледж жана 10 кесиптик лицейдин салтанаттуу ачылышы болду.

Чүй облусунун Кант шаарындагы №25 кесиптик лицейинде өткөн ачылыш аземге Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Бактыгүл Өмүрзакова, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Эрмекбай Омошев жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, өлкөнүн экономикасынын негизги кыймылдаткычы катары башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле министр кесиптик лицейлердин базасында жаңы талап кылынган көндүмдөргө ээ болуу, өмүр бою билим алуу тенденциялары жөнүндө сөз кылды.

Ачылышы болгон окуу жайларга кеткен сумма 430 млн. сомду түзүп, анын 360 млн. сому оңдоп-түзөө иштерине, 70 млн. сому жабдууга жумшалган.

“Жалпы 17 кесиптик лицейде жана 17 колледжде оңдоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары окутуунун жаңы методикалары иштелип чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюштурулуп, кабинеттер жана устаканалар жабдылып, окуу жана өндүрүштүк жабдуулар берилди”, — деп билдирди министрдин орун басары Расул Абазбек уулу.

https://edu.gov.kg/posts/3411
Количество просмотров: 110