• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы кызматынан четтетилди

8 Теке 2022 8:35 Бишкек Govori.TV

Бообек Турсункулов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Конституциянын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турсункулов Бообек Шамалбекович КР Судьялар кеңеши КРнын башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Количество просмотров: 266