• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тогуз-Тородо 33 кг. ашуун баңгизатын даярдап жаткандар кармалды (сүрөт)

29 Кулжа 2021 10:44 Бишкек Govori.TV

Тогуз-Тородо 33 кг. ашуун баңгизатын даярдап жаткандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июнь күнү Тогуз-Торо районунун аймагында ГАЗ 3110 үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз жарандар барышып, баңгизатын даярдап жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча маалымат ошол эле күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө- ыкчам иштеринин жүрүшүндө Нарын шаарынын тургундары 1986-ж.т. Э.Р., 1990-ж.т. О.Р., 1991-ж.т. А.Б., жана 1992-ж.т. А.Д. кармалышып, алардын жанынан 5 даана ооздору байланган каптын ичинде өзгөчө кескин жыты бар жашыл-күрөң түстөгү заттар алынган.

Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жалпысынан 33 кг 369 грамм салмактагы марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.

Жогорудагы төрт жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-99-беренелеринин негизинде 48 саатка Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тогуз-Торо райондук сотунун 25-июндагы токтомунун негизинде Э.Р. жана А.Б. 2 айлык мөөнөткө үй камагына бошотулуп, О.Р. жана А.Д. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайда калтырылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 1321