• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тогуз-Тородогу “Кан-Ачуу” жаратылыш паркына тузак камера орнотулду

12 Жетинин айы 2018 18:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Тогуз-Торо районундагы “Кан-Ачуу” жаратылыш паркына алгачкы жолу тузак камера орнотулду. Аны орнотууга Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү долбоору колдоо көрсөткөн.
Уюм тарабынан жергиликтүү мергенчилерге тузак камераны жапайы жаныбарларга илимий изилдөө, мониторинг жүргүзүүдө колдонуу боюнча тренинг өтүлдү.
Аталган техника жапайы жаныбарлар жана алардын Кызыл китепке кирген түрлөрү боюнча так маалымат берет. Бул илимий иликтөөнүн деңгээлин жогорулатып, Кыргызстандагы жаныбарлар тууралуу маалыматка ээ болууну шарттайт.
Количество просмотров: 29