Тогуз-Тородогу Сары-Кыр ашуусунда калган чабандар куткарыла элек
Тогуз-Тородогу Сары-Кыр ашуусунда калган чабандар куткарыла элек
22 Тогуздун айы 201817:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Сары-Кыр ашуусунда калып калган чабандар куткарыла элек. Бул тууралуу 22-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 18-октябрь күнү Тогуз-Торо районундагы калың жааган кардын кесепетинен 5 чабан мал жандыктары менен Сары-Кыр ашуусунда калып калганы айтылган. Ашууда калгандар туугандары менен байланышып аман-эсен экенин жана тамак-аштары бар экенин айтышкан.
Ал эми 19-октябрь күнү чабандардын абалын билүү үчүн аталган жайлоого 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен кетишкен.
ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Эдельвейс” тоо куткаруучулары “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынан афганистандык туристтерге …