• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте тургундун үйүнөн 10 миллион сомдук баңгизат табылды

1 Чын куран 20259:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну А.З.нын үйүнөн 10 миллион сомдук баңги заты табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-мартта укук коргоо кызматкерлерине борбор калаада белгисиз адамдар баңги затын сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышка шектүү Токтоналиев жана Таш-Көмүр көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Анын үйүнөн 4 килограмм 802 грамм ар кандай түрдөгү баңги заты табылган. Шектүүнүн айтымында, баңгизаттардын баасы 10 миллион сомдон ашуун.

Бардык бангизаттар экспертизага жөнөтүлдү. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш козголду.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Количество просмотров: 180